Иттердин тамактануу муктаждыктары биздикинен эмнеси менен айырмаланат?
Үйдө жасалган тамактарды изилдөөдө алардын 90%дан ашыгы тең салмаксыз жана толук эмес экени аныкталган*.
- Ар кандай түрдөгү жаныбарлардын азык заттарга болгон талаптары такыр башкача жана алар адамдардыкынан өзгөчө айырмаланат. Итиңизге тамак жасоо өзүңүзгө же балдарыңызга тамак жасоо менен бирдей эмес.
- Биздин тамак-ашыбыз иттин муктаждыктарына жооп бербейт, анткени ал азык заттардын башка балансына ээ, натыйжада ден соолук көйгөйлөрүн жаратышы мүмкүн. Мисалы, туура метаболизм үчүн кальций менен фосфордун тең салмактуулугун сактоо зарыл.
- Эч качан итиңизге чийки эт бербеңиз. Чийки этти тигил же бул жол менен бышыруу адамда тамак даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ондуруштук процессте этти жана малга тоютту даярдоо да ошон-дой эле маанилуу. Чийки этте көбүнчө сальмонелла, листерия, ал тургай E. coli сыяктуу бактериялар бар, алар жаныбарлар жана аларды багуучулар үчүн өтө коркунучтуу. Ошол эле учурда кичинекей балдар, кары-картаңдар жана иммунитети начар адамдар катуу ооруп калышы мүмкүн.††
*Small Animal Clinical Nutrition IV Edition, 169-бет. *Small Animal Clinical Nutrition IV Edition, 310-бет.